ММКФ: 165 бейтапты дарылоого 3 миллион 98 миң сом сарпталды

Автор -

COVID-19 илдетине чалдыккан 165 бейтапты стационарда дарылоого 3 млн 98 миӊ 824 сом сарпталды. Бул туурасында Милдеттүү медициналык камсыздоо фондунун төрайымы Элнура Боронбаева билдирди.

Анын айтымында, дарылоого кеткен чыгымдардан сырткары, коронавирус боюнча обсервацияда жаткан 1 794 адамга 5 млн 264 миӊ 219 сом бөлүнгөн.

Учурда Кыргызстанда инфекция жугузгандардын саны 695 адамга жетти, алардын 395и айыгып чыкты.