Өлкөдө 72 жаран коменданттык сааттын талаптарын бузду

Автор -

28-апрелге карата өзгөчө абал киргизилген аймактарда коменданттык саат убагында ички иштер органдарынын бөлүмдөрүнө 72 жаран жеткирилип, 3 автоунаа атайын жайларга токтотулду. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.

Бишкек шаары– 57;
Ош шаары -3;
Жалал-Абад шаары-1;
Сузак району-4;
Нарын шаары-2;
Ат-Башы району-5.

Ал эми Кара-Суу жана Ноокат райондорунда коменданттык сааттын эрежелерин бузуу боюнча тартип бузуулар катталган жок.

Жалпысынан алганда 25-марттан баштап бүгүнкү күнгө чейин өлкө аймагында 3 миң 654 жаран кармалды.