Бала бакчалар июнда иштеп башташы мүмкүн

Автор -

Өлкөдөгү бала бакчалар жана мектептер өзгөчө абал жана өзгөчө кырдаал режими алынгандан кийин гана иштей баштайт. Бул тууралуу вице-премьер-министр Эркин Асрандиев онлайн маалымат жыйыны учурунда билдирди.

«Эгерде эпидемиологиялык кырдаал 1-июнга чейин калыбына келсе, бала бакчалар жана мектептер иштеп баштайт. Эгерде калыбына келбесе, 10-15-июнда же болбосо июль айында иштей башташы мүмкүн», — деди вице-премьер.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү