COVID-19: Өлкө казынасы бажы менен салыктан түшчү 10 млрд. сомдон куру калды

Автор -
235

Коронавирус пандемиясынан улам өлкө казынасы бажы жана салыктан түшө турган 10 млрд сомдон куру калды. Бул туурасында вице-премьер-министр Эркин Асрандиев билдирди.

Анын айтымында, өлкөдө кирешелер боюнча көптөгөн жоготуулар болуп жатат.

«Бажы линиясындагы төмөндөө биринчи кезекте, чек аранын жабылышына байланыштуу жүрүүдө. 2020-жылга карата пландар боюнча 45-50% төмөндөө болду. Экинчи орунда – салык линиясы, бул да кыйыр түрдө чек аралардын жабылышына байланышкан. Импорт кыскарды, ал эми импорттун 70% Кытайдан келет, бул ички өндүрүшкө өтө таасирин тийгизет, анткени тийиштүү толуктоочу заттарды сатып алуу мүмкүн эмес. Экономикалык түшүүлөргө чектөө коюлуп жаткан салыктык жыйымдар төмөндөгөндүгүн белгилөө зарыл», — деп билдирди вице-премьер-министр Э.Асрандиев.

Анын айтымында, бюджеттин корголгон беренелерине – пенсия, жөлөк пул жана эмгек акыга, айына 7,5 млрд сом сарпталат.

«Жыл башынан бери катуу үнөмдөө жүрүүдө, сатып алуу, иш сапарлар жана башка чыгымдардын түрлөрү токтотулду», — деп жыйынтыктады ал.

Бөлүшүү