Чүйдө 24 жаштагы жигит унаасы менен тоодон кулап, каза тапты

Автор -

Чүйдө унаасы менен тоого чыгып бараткан жаран коктуга кулап түшүп, каза тапты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаал министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Мекеменин маалыматына караганда, кырсык 28-апрелде саат 22:00дө болуп өткөн.

«Аламүдүн районундагы Байтик айылынын Боз-Бөлтөк тоосунун чокусуна 1996-жылы туулган А.Ч. аттуу жаран «Тойота Прадо» үлгүсүндөгү унаасы менен чыккан. Ал унаасы менен коктуга кулап түшкөн. Окуя болгон жерге 1 бөлүм тартылып, куткаруучулар жабыркаган жаранды коктудан носилка менен чыгарып, «Тез жардам» кызматкерлерине өткөрүп беришкен. Бирок жабыркаган жаран ооруканага жетпей көз жумган», — деп айтылат маалыматта.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү