Жактоочу: Алмазбек Атамбаев Кой-Таш окуясы боюнча сотко катышат

Автор -

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев Кой-Таш окуясы боюнча 29-апрелге белгиленген сот отурумуна катышат. Бул тууралуу Атамбаевдин жактоочусу Замир Жоошев билдирди, деп жазат «Азаттык».

«Алмазбек Шаршенович ден соолугу начар болгонуна карабай, Кой-Таш окуясы боюнча айыпталып жаткан балдарды колдоо үчүн келерин айткан», -деген жактоочу.

Бишкектин Биринчи май райондук сотунда 27-апрелге белгиленген соттук жараян айрым адвокаттардын жана Алмазбек Атамбаевдин сотко келбегенине байланыштуу 29-апрелге саат 10:00гө жылдырылган.

КСДПнын расмий өкүлү Кундуз Жолдубаева мурунку президенттин саламаттыгы начар болгондуктан, сотко келе албай калганын айткан. Адвокат Замир Жоошев Атамбаевди кан басымы дагы эле төмөн экенин билдирди.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Алмазбек Атамбаевдин саламаттыгы канааттандырарлык экенин, ал күнү-түнү дарыгерлердин көзөмөлүндө экенин, сотко катышуудан өзү баш тартканын билдирген.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү