Кыргызстанга жардам катары 120, 8 миллион доллар келди

Автор -

Бүгүнкү күндө Кыргызстанга жалпы суммасы 120, 8 миллион тышкы жардам келип түштү. Бул тууралуу вице-премьер-министр Эркин Асрандиев билдирди.

Анын айтымында, өлкөнүн бюджетиндеги кирешелик жоготуулардан улам, өкмөт тышкы жардам катары башка жолдорду издеп жатат.

«Пандемиянын айынан чек аралар жабылды, бул бажы жана салыктар жактан биздин негизги кирешелерибизди кыскартты. Бүгүнкү күндө Кыргызстанга жалпы суммасы 120,8 млн долларга тышкы жардам келип түштү, бул каражат бюджеттин чыгашаларын жабууга багытталды», — деди вице-премьер-министр.

Анын айтымында, Саламаттык сактоо министрлигине 700 миӊ доллар келген. Тышкы жардамдар жеӊилдетилген насыялар же тышкы карыздын эсебинен пайызсыз насыялар катары келүүдө. Алардын баарын кайтаруу зарыл.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү