Өлкөдө жалпы 462 бейтап коронавирусту жеңди

Автор -

Бир сутка ичинде 25 бейтап ооруканадан айыгып чыкты. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова билдирди.

Бишкек ш. – 8
Ош ш. – 5
Ош облусу — 4
Жалал-Абад облусу — 1
Нарын облусу — 6
Ысык-Көл – 1

Республика боюнча бүгүнкү күнгө чейин жалпы 462 бейтап айыгып, ооруканадан чыгарылды.