Бишкекте 30-апрелге карата коронавируска чалдыккан 183 адам бар. Бул туурасында калаа мэри Азиз Суракматов бүгүнкү брифингде билдирди.
Анын айтымында, илдетке чалдыккандардын ичинен 149 адам – борбордун тургундары жана 34 адам — аймактардан келгендер. Ошондой эле, алтымыш бири медициналык кызматкер жана он экиси ИИМ кызматкерлери. Учурда 183 адамдын ичинен 73 адам илдеттен айыккан.
«Бишкек шаарында үй карантинине алынган адамдардын саламаттыгын көзөмөлдөө үчүн 40 мобилдүү бригада түзүлдү. Ошондой эле алар жарандардын чалуулары боюнча чыгышат. Бүгүнкү күнгө карата мобилдик бригадалар 7000 чыгуу аткарып, дээрлик 8 миң ПЧР-анализ жана экспресс-тест жүргүзүшкөн», — деп билдирди Бишкек шаарынын мэри А.Суракматов.