Вице-мэр: Бишкекте коронавирус жуктургандардын көбү — Ленин районунда

Автор -

Бишкекте коронавирус жуктургандардын саны 231 адамга жетти. Алардын алтымыш тогузу калктуу конуштарда жашайт. Бул туурасында Республикалык штабдагы брифингде Бишкектин вице-мэри Татьяна Кузнецова билдирди.

Алардын ичинен чет жактан алып келинген жарандар — 34, жергиликтүү жарандар — 197. Медициналык көзөмөлдөгү байланышта болгон жактардын саны – 194.

«231 бейтаптын ичинен 190 адам шаардык каттоодогу даректер боюнча жашайт, 41 адамдын каттоосу башка шаарларда. Ал эми 69 адам 16 калктуу конушта турушат»,- деди вице-мэр.

COVID-19 вирусун жуктургандардын көбү Ленин районунда — 82 адам.
Октябрь районунда – 45 адам
Биринчи май районунда – 41 адам
Свердлов районунда – 21 адам.