Бишкек шаардык мэриясы өзгөчө абал алынгандан кийин дагы борборго автоунаалар менен адамдардын кирүүсүн чектөө чараларын карап жатат. Бул тууралуу борбор калаанын вице-мэри Татьяна Кузнецова брифинг учурунда билдирди.
Анын айтымында, шаарга кирүүнү каалагандар уруксат кагазын гана эмес, коронавирус жок экенин тастыктаган экспресс-тесттин же ПЧР-анализинин жыйынтыгын көрсөтүшү керек болот.
«Мэрия Шаардык ички иштер башкармалыгы менен биргеликте жөө адамдардын жана автоунаалардын каттамын чектөө максатында ички санитардык постторду коюу маселесин карап жатат, ошондой эле анализдеп чыгып, жаңы конуштардагы карантиндик чараларды күчөтүүгө өтөт. Райондук администрациялар санитардык постторду коюп, ооруну жуктургандар жана байланышта болгондор жашаган аймактардын баарын текшерет. Бейтаптар менен байланышкан адамдарды издөө чаралары күчөтүлөт», — деди Кузнецова.