Кыргызстанда коронавирустан 11-бейтап каза болду

Автор -
241

Өткөн сутка ичинде COVID-19 вирусунан 69 жаштагы 1 бейтап каза болду. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Ал Бишкектеги Республикалык клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасында  дарыланып жаткан.

«Анда ошондой эле пневмония, үчүнчү даражадагы курч мүнөздөгү дем жетишсиздиги жана баш мээсинде шишик диагноздолгон. Мындан тышкары бейтап кант диабетинен жабыркап, инсулин алчу», — деп билдирди саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев.

Кыргызстанда коронавирус инфекциясы диагнозу менен жалпы 11 киши көз жумду. Айыгып чыккандардын саны — 600. Жалпы жуктургандар — 843.

Бөлүшүү