Сомалинин түштүгүндө African Airways авиакомпаниясынын учагы кыйрап, кеминде 6 адам каза тапты. Бул тууралуу Somali Guardian басылмасына таянып, РИА Новости жазды.
Маалыматта кырсык дүйшөмбүдө Бай аймагындагы аэропортко жакын жерде болгону айтылат. Бийлик анын себептерин изилдөөдө.
Тактала элек маалыматтарга караганда, самолеттун кыйрашынан 7 адам каза тапты. Учак гуманитардык жардам алып баратканы айтылат.






























