«Өлбөс полк онлайн» акциясына катышууну каалагандар 600 миңден ашты

Автор -

600 миңден ашык адам «Өлбөс полк онлайн» акциясына катышууга каалоосун билгизди. Бул тууралуу РИА Новости жазды.

«Өлбөс полк онлайн» виртуалдык жүрүшүнө каттоо бир апта мурда башталган. Күн өткөн сайын катышуучулардын саны көбөйүп, бүгүн 600 миңден ашты», — деп айтылат кабарда.

Акцияга бул жылы согуш ардагеринин сүрөтү сакталбай калган каалоочулар дагы катыша алат. Анүчүн анкета толтуруп жатканда «сүрөтү» деген жерди бош калтырып кетсе болот. Ошондой эле катышуучу ардагерге кандайча тууган экенин жана билбеген учурда анын туулган, өлгөн жылдарын жазбай коюуга уруксат берилген.
«Өлбөс полк онлайн» виртуалдык жүрүшүнө бул шилтемелер аркылуу катталса болот: https://2020.polkrf.ru/https://ok.ru/app/immortal-regimenthttps://vk.com/polk_apphttps://sber9may.ru/.
Социалдык тармактар аркылуу Улуу Ата Мекендик согушка катышкан ата-бабаларыңыздын эрдиги тууралуу жазганда #Бессмертныйполк2020#Бессмертныйполконлайн#ДеньПобедыдома#9маявсети#9маЯпомню хэштегдерин кошо жазыңыз.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү