Боронов: Жарандардан маалымкат талап кылуу чечими өзгөртүлөт

Автор -

Облуска кирүүдө коронавирус боюнча маалым кат талап кылуу чечимдерин өзгөртүү керек, деп билдирди биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов Республикалык штабдын отурумунда.

Анын айтымында, облуска кирүүгө тыюу салуу жана адам коронавирус менен оорубагандыгы тууралуу маалым катты талап кылуу боюнча чечимдерди өкмөттүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү өз алдынча кабыл алган.

Боронов аймакка кирүүчү жердеги санитардык-карантиндик посттордо бардык кирген жана чыккан унаалар менен жарандарды Саламаттык сактоо министирлиги тарабынан бекитилген текшерүү аракеттеринин алгоритмине ылайык көзөмөлдөөнү күчөтүү улантылышы шарт экенин кошумчалады.

«Жаранда COVID-19 инфекциясынын жоктугу тууралуу маалым катты талап кылуу иш-аракеттердин тиешелүү алгоритминде каралбаган шарттан тышкары ашыкча болуп саналат», -деди ал.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү