Бүгүн, 5-майда, Бишкектеги Республикалык жугуштуу оорулар ооруканасында каза тапкан бейтаптын кызы №3 Үй-бүлөлүк медицина борборунда иштейт. Бул туурасында саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.
«Бейтапта эски өнөкөт дарттары курч мүнөздө болгон. Биринчи оорукананын базасында кайрылып, ал жерде пневмония диагнозу коюлган экен. Дарылоо процессинен жыйынтык болбогонунан, 4-майда Республикалык жугуштуу оорулар ооруканасына которулганда, бул жактан кайра анализ алынып, коронавируска да текшерилген. Анын жыйынтыгы менен мурунку ооруларына COVID-19 кошулуп, дарылоо процессине карабастан, эски оорулары күчөп, каза болуп калды. Бул учурдан улам оорунун жуга турган потенциалы бийик экени билинип атат. Кызы №3 Үй-бүлөлүк медицина борборунда иштеген. Ал ар дайым текшерилип турган. Анализдери терс чыкканы менен дагы бир кандайдыр-бир жуга турган жолдору бар. Бул жагдай коронавирустун өтө жугуштуу экенин тастыктап атат. Ошол вирус кандайдыр –бир жол менен бейтапка чейин жетип барып, кыска мөөнөттө кейиштүү жыйынтыкка алып келди», — деди министрдин орун басары.
Буга чейин өлкөдө коронавирустан 10 бейтап каза болгон болчу.






























