Бир жарым ай күтүшкөн. Оренбургдан 441 жаран алынып келатат

Автор -
@Azattyk

Бир жарым айдан бери Россиядан чыга албай жаткан төрт жүздөн ашуун кыргыз жараны мекенине жол тартты. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Элчилигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, Кыргызстандын жана Казакстандын Өкмөттөрүнүн ортосундагы жетишилген келишимге ылайык, Оренбург облусунун Соль-Илецк шаарында 16-марттан бери турган кыргыз жарандары үчүн Россия-Казакстан чек арасы аркылуу транзиттик бир жолу өтүүгө уруксат берилди.

441 жаран бүгүн жергиликтүү убакыт боюнча саат 8:00дөн баштап, Оренбург облусунан 9 атайын автобуста медицина кызматкерлеринин коштоосун менен чыгып кетишти.

Жарандардын калып калган автоунаалары үчүн Оренбург облусунун Өкмөтү тарабынан Соль-Илецк шаарынын Аскердик бөлүгүнүн унаа коюучу жайы акысыз берилди.

Ал эми Оренбург облусунун Бузулук шаарынын кире беришинде турган кыргыз жарандарынын 155и Кыргызстанга жөнөтүлдү.

Учурда Соль-Илецкте унаалары менен 70 жаран, Бузулукта 145 жаран калды.

«Казак Өкмөтүнүн чечими менен бүгүнкү күнү Россия-Казакстан мамлекеттик  чек арасы коронавирус илдетине байланыштуу жабык экендигин жарандарга эскертебиз. Мекендештерибизди Россиянын шаарларында жашаган ордунда турууну жана Россия-Казакстан мамлекеттик  чек арасына чыкпай, жеринде санитардык-медициналык эреже, тартипти жана ден соолукту сактоого, өздөрүнө жана жакындарга аяр мамиле кылууга чакырабыз»,  — деп айтылат маалыматта.

 

 

Бөлүшүү