Өткөн сутка ичинде Бишкекте коронавирустан 67 жаштагы аял каза тапты

Автор -

Өткөн сутка ичинде Бишкекте коронавирустан 67 жаштагы аял каза тапты. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Бейтап борбордогу Республикалык клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасында COVID-19 вирусунун оор формасы менен жаткан.

«Бейтаптын буга чейин көптөгөн өнөкөт оорулары болгон экен. Эки тараптуу пневмония, полиоргандык жетишсиздик синдрому жана баш мээсинде шишик диагноздолгон. Мындан тышкары бейтап порталдык гипертензиясы менен боордун циррозунан жана эксудативдик плевриттен жабыр тарткан. Бул киши бир топ убакыттан бери дарыланып келген экен. Февраль айында Улуттук фтизиатрия борборунда дарыланып кетип, апрелдин аяк чендеринде Жайыл районунун территориалдык ооруканасында дарыланып жаткан учурунда, COVID-19 жугузган жаран менен байланышта болгон. Мындан улам эски оорулары да күчөп, кийин Республикалык жугуштуу оорулар ооруканасына которулган. Дарылоо аракеттерине карабастан, түндө каза болуп калды», — деп билдирди министрдин орун басары.

Кыргызстанда коронавирус инфекциясы диагнозу менен жалпы 12 киши көз жумду. Айыккандардын саны — 614. Жалпы жуктургандар — 871.