7-майга карата СOVID-19 инфекциясынын жаңы 24 учуру катталды

Автор -

2020-жылдын 7-майына карата республика боюнча СOVID-19 инфекциясынын жаңы 24 учуру катталды, алардын үчөө -медицина кызматкерлери. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Бишкек ш. – 2 (бирөө -медицина кызматкери)
Чүй облусу — 4 (бирөө -медицина кызматкери)
Ош облусу — 3
Жалал-Абад облусу — 3 (бирөө -медицина кызматкери)
Нарын облусу — 12

Республика боюнча коронавируска чалдыккан учурлардын саны  — 895, алардын 224 учуру медицина кызматкерлеринен табылган. Айыгып чыккандар — 637 адам, анын ичинде 161 адам медицина кызматкерлери. Каза тапкандар -12 (бирөө -дарыгер).

Бөлүшүү