Коронавируска чалдыккан медкызматкерлердин 70% айыгып, жумушуна кайтты

Автор -

Азыркы тапта ооруканаларда коронавирус жугузуп алган медицина кызматкерлеринин 30 пайызы гана калды, деп билдирди саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев бүгүнкү брифингде.

Бардыгы бул инфекцияны 224 медкызматкер жуктурса, алардын дээрлик 70% айыгып чыгып, кайрадан жумуш ордуларына кайтышкан.

Министрдин орун басарынын айтымында, өкмөттүн буйрутмасына ылайык, коронавируска чалдыккан бейтаптарды дарылап жатып вирус жуктургандарына 200 миң сомдон компенсация төлөп берүү маселеси чечилди.

«Иш учурунда вирус жуктуруп алып, курман болгондо туугандарына 1 млн сом тийиштүү болот, ошондой эле төлөө Эмгек кодекси менен аныкталат», — деп белгилеп өттү Н.Үсөнбаев.

Буга чейин Саламаттык сактоо министрлигинин юристи медкызматкерлердин компенсациялык төлөмдөрүнүн эсептик көрсөткүчтөрүнүн өлчөмүн айтып берип, ӨА жана ӨК учурунда жана медициналык кызматкерлер ар кандай жаракаттарды алып калышы мүмкүн болгон табигый кырсык учурунда төлөм тартиби башка буйрутмага тиешелүү төлөнүп берилерин билдирген.

Бөлүшүү