Мэрия: Бишкекте 154,7 миң адам убактылуу жумушсуз калды

Автор -

Бишкекте бүгүнкү күнгө карата 3 836 чарбалык субъект өзүнүн ишмердүүлүгүн улантууда, алдын ала маалыматтарга ылайык мында 83 миӊ 280 адам иштейт. Бул туурасында Бишкектин биринчи вице-мэри Алмаз Бакетаев Республикалык штабдагы брифинг учурунда билдирди.

Анын айтымында, Өзгөчө абал режими киргизилгенден бери 71 миӊ 531 чарбалык субъект ишин токтотуп, алдын ала маалыматтар боюнча 154 миӊ 784 адам убактылуу жумушсуз калган.

Эскерте кетсек, коронавирус инфекциясынын жайылуу тенденциясы өсүп жаткандыгына байланыштуу 25-марттан тарта Бишкек, Ош жана Жалал-Абад шаарларында, Ош облусунун Ноокат, Кара-Суу райондорунда, ошондой эле Жалал-Абад облусунун Сузак районунун аймактарында өзгөчө абал киргизилген. Кийин ал 11-майга чейин узартылган.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү