«РСК Банк»: 1905 адамга насыя төлөөдө жеңилдик берилди

Автор -

«РСК Банк» коронавирус инфекциясынын пандемиясынан экономикалык жактан жапа чеккен зайымчыларга өз учурунда жана оперативдүү жардам көрсөтүү максатында чараларды көрөт. Бул туурасында «РСК Банк» ААК Башкармалыгынын төрагасы Азизбек Оморкулов бүгүнкү брифинг учурунда билдирди.

Атап айтканда, насыялар боюнча мөөнөттү кийинкиге калтыруу берилет, келечектеги төлөмдөрдүн жүгүн төмөндөтүү максатында кредиттерди төлөө графигин да өзгөртүүнү пролонгациялоо жүргүзүлөт. Адамдардын жана автоунаалардын кыймылын чектөө кырдаалына байланыштуу зайымчылар менен өз ара кызматташуу аралык негизде жүргүзүлөт.

Анын айтымында, банк жалпы COVID-19 илдетинен улам жабыр тарткандарга насыя боюнча кредиттик милдеттенмелерди аткарбагандыгы үчүн туум/айып төлөмдөрдү чегерүүнү токтотту.

«Азыркы кезде «РСК банк» ачык акционердик коомунда 52 филиал бар жана 133 бөлүм иштейт. Өзгөчө абал учурунда дагы банк кызматын токтоткон жок. Миңден ашуун биздин кызматкерлер элге тынымсыз тейлөө жүргүзүп жатышат.

Насыялар боюнча азыркы кезде бизге 2 560 адамдан 4,1 миллиард сомго кайрылуу келип түштү. Жарандар бул сумманын шарттарын ыңгайлатып, төлөө мөөнөттөрүн узартууну суранышкан. Бул сумманын 3 миллиарды банк тарабынан каралып чыгып, 1905 адамга төлөө мөөнөтүн кийинкиге жылдыруу боюнча жеӊилдик берилди. Жакынкы арада бардык арыздар каралып чыгат», — деди ал.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү