Ноокенде тоого бараткан унаа кулап, окуучу бала каза тапты

Автор -
220

Райондун Кара-Булак жайлоосуна бара турган жолдо «Хундай Портер» үлгүсүндөгү автоунаа кырсыктап, бир окуучу каза болду. Райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Нурбек Олжобаев билдиргендей, кырсык 6-майда болгон, деп жазат «Азаттык».

«Маалыматка караганда,  Ноокен айылынын 25 жаштагы тургуну өз автоунаасына 3 окуучуну салып, Кара-Булак жайлоосуна мал алып келүүгө бараткан. Кыр-Жон жайытында автоунаасы бузулуп, колотко түшүп кеткен. Натыйжада 17 жаштагы бала жеринде каза болуп, үчөө райондук ооруканага жеткирилген. Жабыркагандар жана каза болгон бала райондогу №7 Артык Төрөгелдиев атындагы мектептин 11-классынын окуучулары болушкан. Учурда окуяны ички иштер органы териштирип жатат», – деди Олжобаев.

Билим берүү бөлүмүнүн башчысы кошумчалагандай, социалдык түйүндөрдө тараган «Окуучулар тоого эс алууга бара жаткан» деген маалымат жалган. Ноокен райондук ооруканасында жаткан жабыркагандарын абалы орто экенин аталган бейтапканадан билдиришти.

Бөлүшүү