Орто жана чакан бизнеске 4-8 пайыз менен насыя берилет

Автор -

Кыргыз өкмөтү ишкерлерди колдоо максатында рыноктогу чектен эки-үч эсе арзан кредит берүүнү пландап жатат. Бул туурасында вице-премьер Эркин Асрандиев брифинг учурунда билдирди.

Анын айтымында, региондордогу чакан жана орто бизнеске өкмөт тарабынан түзүлгөн антикризистик фонддон көмөк көрсөтүлөт. Анын алкагында 25-30 миң ишкер насыя алышы мүмкүн. Каражатты өндүрүш, кайра иштетүү, экспорт жана импорттун ордун баса турган тармактарга берүүгө басым жасалат.

«Кредиттер үч, беш жана жети жылга берилет, жеңилдетилген мөөнөтү 12-18 айды түзөт. Пайыздык чени — 4-8. Бул айрым банктарга караганда эки-үч эсе арзан болот», — деди Асрандиев.

Ошондой эле вице-премьер бардык насыялар улуттук валюта менен берилерин белгиледи. Медициналык маска чыгаруу сыяктуу ишмердүүлүгүн өзгөрткөн ишканалар дагы колдоого алынат.

Ал эми каражат алууга күрөөсү жетишсиз болгон ишкерлерге «Кепилдик фонду» ААКсы жардам бере турганын кошумчалады.