Соль-Илецк шаарынан чыккан кыргыз жарандары мекенине жетти

Автор -
251

Оренбург облусунун Соль-Илецк шаарынан чыккан кыргыз жарандары бүгүн, 7-майда саат 8:00дө мекенине жетишти. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.

Казакстан Соль-Илецк шаарында 16-марттан бери турган кыргыз жарандарына бир жолу транзиттик жол ачып берүүгө көнгөнү майдын башында белгилүү болгон.

5-майда 541 жаран тогуз атайын автобуста медицина кызматкерлеринин коштоосу менен жолго чыгышкан. Бүгүн Кыргызстанга келген жарандар обсервацияга алынып, тест тапшырышат.

«Казак Өкмөтүнүн чечими менен бүгүнкү күнү орус-казак мамлекеттик  чек арасы коронавирус илдетине байланыштуу жабык экендигин жарандарга эскертебиз. Мекендештерибизди Россиянын шаарларында жашаган ордунда турууну жана Россия-Казакстан мамлекеттик  чек арасына чыкпай, жеринде санитардык-медициналык эреже, тартипти жана ден соолукту сактоого, өздөрүнө жана жакындарга аяр мамиле кылууга чакырабыз»,  — деп айтылат маалыматта.