Бишкекте 143 жаран коменданттык сааттын эрежелерин бузду

Автор -

2020-жылдын 8-майга карата өлкөнүн өзгөчө абал киргизилген аймактарында 163 жаран эреже  бузду. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.

Маалыматка караганда, өзгөчө абал киргизилген Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарларынын жана Нарын облусунун Ат-Башы районунун аймактарында саат 21.00дөн эртең мененки 06.00гө чейинки убакыттын ичинде коменданттык
сааттын талаптарын жана эрежелерин бузгандыктары үчүн ички иштер органдарынын бөлүмдөрүнө 163 жаран жеткирилди. Бир сутка ичинде атайын коюлуучу жайга 9 унаа киргизилди.

Алардын ичинен: Бишкек шаары– 143, Ош шаары -10, Жалал-Абад шаары-7,
Ат-Башы району-3.