Дары-дармектерди камсыздоо департаментинде 5 кызматкер коронавирус жуктурду

Автор -

Дары-дармектерди камсыздоо жана медициналык техника департаментинде 5 кызматкер коронавирус жуктурду. Бул туурасында саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

«Алардын бардыгы өз ара байланышкандар. Оору алардын арасындагы бир кызматкерден жуккан. Бардык кызматкерлер көзөмөлдө, дезинфекциялык иш-чаралар өткөрүлдү», -деди ал.

Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында 226 учур катталды, алардын ичинен 163 медкызматкер стационарлардан айыгып чыккан.

Бөлүшүү