Бишкек шаарында кафе өрттөнүүдө (видео)

Автор -

Бишкек шаарында кафе өрттөнүүдө. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Алдын ала алынган маалымат боюнча, Панфилов жана Жибек жолу көчөлөрүнүн кесилишиндеги кафе өрттөнүп жатат.

«Өрттү өчүрүүгө саат 10:17де Свердлов райондук №3 АӨКБдан 1 бөлүм, саат 10:23тө Октябрь райондук №5 АӨКБдан 1 бөлүм, жалпы 2 бөлүм жана штаб тартылган. Кошумча маалымат берилет», -дешет ӨКМден.

«Короче» телеграм-каналы өрт чыккан жердин тасмасын жарыялады.

 

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү