Президент мунапыс берчү мыйзамга кол койду. Кимдер абактан чыгат?

Автор -
634

Президент Сооронбай Жээнбеков Улуу Жеӊиштин 75 жылдыгына жана Апрель революциясынын 10 жылдыгына байланыштуу мунапыс жөнүндөгү мыйзамга кол койду. Ага ылайык, кылмыш үчүн эркинен ажыратуу түрүндөгү жазыктык жазадан төмөндөгүлөр бошотулат:

1) 60 жаштан ашкан эркектер жана 55 жаштан ашкан аялдар;

2) I жана II топтогу майыптар;

3) жашы жете элек экиден кем эмес балдары же I жана II топтогу майып балдары бар үй-бүлөдө жалгыз багуучу болуп саналгандар;

4) анча оор эмес кылмыштарды биринчи жолу жасагандар;

5) жалгыз бой энелер;

6) көп балалуу аялдар;

7) ушул мыйзам күчүнө кирген күнгө карата жазасынын өтөлбөгөн бөлүгү бир жылдан аз мөөнөттү түзгөн аялдар жана жашы жете электер.

Ошону менен бирге мыйзамда мунапыс колдонулбай турган кылмыштардын тизмеси бекитилди.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет жана алты айдын ичинде аткарылууга тийиш.

Мыйзамдын авторлору 1200дөн ашык киши түрмөдөн чыгарын айтышкан.

Жалпысынан Кыргызстандын түрмөлөрүндө бүгүнкү күндө 9 500 ашык соттолгон адам кармалууда, алардын 300гө жакыны аял. Улгайгандардын саны 250нүн тегерегинде.

Бөлүшүү