Улуттук онкология жана гематология борборунда бир дарыгерден коронавирус чыкты

Автор -

Улуттук онкология жана гематология борборунда бүгүн бир дарыгерден коронавирус аныкталды. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти. 

Аны менен жакын байланышта болгон медкызматкерлер аныкталып, баарынан ПЧР изилдөөгө мазоктор алынды, алар көзөмөлдө болушат.

«Элдин арасында байланышта болгондор жок, анткени бул дарыгер акы төлөнбөгөн эмгек өргүүсүндө болуп, бейтаптарды кабыл алган эмес. Ошондой эле КР Саламаттык сактоо министрлигинин буйругуна ылайык 10-майга чейин пландалган бейтаптарды кабыл алуу жокко чыгарылды», -деп айтылат маалыматта.

Эпидемиологиялык иштер уланууда, дезинфекциялык иштер жүргүзүлгөндөн кийин бейтапкана штаттык тартипте иштей баштайт.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү