Коронавирус: жугуштуу оорулар ооруканасында 32 бала дарыланууда

Автор -

Учурда Республикалык инфекциялык клиникалык ооруканасында коронавирустан 32 жаш бала дарыланып жатат. Бул туурасында саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Анын айтымында, балдарда оору жеңил клиникалык түрдө өтүп жатат.

«Алардын арасында оор абалда жаткандары жок. Андыктан, балдардын ден соолугуна коркунуч жок»- деп билдирди ал.

Учурда өлкөдө коронавирус жуктургандардын саны 906 адамга жетти. Алардын ичинен 650 адам айыгып чыкты. 12 адам каза тапты.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү