«РСК Банк»: Коронавируска чалдыккан эки кызматкер аралыктан иштеп жаткан

Автор -

«РСК Банк» АКК эки кызматкердин оору жуктурган учуру боюнча кырдаалга түшүндүрмө берди.

Банк жетекчилигинин айтымында, эки кызматкер тең коронавирусту аралыктан иштеп жаткан учурда  жугузушкан.

«Бишкек шаарындагы бир кызматкер дарыланып бүтүп, азыр үйүндө. Ал ӨА жана ӨК тартиби жарыяланган учурда үйүндө аралыктан иштеп жаткан. Чаткал районундагы филиалдагы экинчи кызматкер азыркы учурда Каныш-Кыя шаарындагы ооруканада дарыланып жатат. Алар жамаат менен дагы, банктын кардарлары менен дагы байланышкан эмес. Бүгүнкү күнү РСК Банктын башка кызматкерлеринде инфекция менен ооруган учур жок», — деп билдирди «РСК Банк».

Маалыматка караганда, банк штаттык тартипте иштеп жатат жана калкка финансылык кызмат көрсөтүүнү улантууда. Кызматкерлер бардык зарыл болгон коргоо каражаттары менен камсыз кылыган. Бардык кеңселерде бөлмөлөрдү санитардык тазалоо күн сайын жүргүзүлөт.