«РСК банктын» эки кызматкеринен коронавирус аныкталды. Бул туурасында саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев брифинг учурунда билдирди.
Анын айтымында, алардын бирөө Бишкек шаарында иштеген. Коронавирус жуктуруп алган жаран менен байланышта болгон. Учурда ал тиешелүү дарылануудан өтүп, айыгып чыкты.
Экинчиси банктын Чаткал районундагы филиалында иштеген. Ал да байланышта болуп жуктуруп алган. Учурда ооруканада.
Өлкөдө илдет жуктургандардын жалпы саны 906 адамды түздү. Айыгып чыккандар — 650. Каза тапкандар — 12. Ооруканаларда 244 адам калды.