Жүргүнчүлөрдү ташуу менен алектенген жарандар патенттин ставкасы тууралуу түшүндүрмө берүү өтүнүчү менен көп кайрылышууда, деп билдирет Мамлекеттик салык кызматы.
Маалыматка караганда, буга Бишкекте патенттин ставкасы 1-майдан кийин жогорулайт деген имиш чыгып кеткени себеп болгон.
Буга байланыштуу, Мамлекеттик салык кызматы жүргүнчүлөрдү ташуу боюнча кызмат көрсөтүүлөргө (такси) берилген патенттин наркы өзгөрбөгөндүгүн билдирет.
Мыйзамга ылайык патент менен катар камсыздандыруу полисин да алуу зарылдыгын Салык кызматы эскертет. Мисалы, Бишкекте такси кызматы үчүн патенттин баасы — 500 сом, камсыздандыруу полиси — 775 сом турат.
Белгилей кетсек, салык кызматынын www.sti.gov.kg сайтында региондор боюнча патенттердин ставкалары жайгаштырылган. Ал жерден ар бир жаран милдеттүү жана ыктыярдуу патенттин суммалары менен тааныша алышат.
Патентти салык органына баруу менен кагаз жүзүндө, ошондой эле интернет аркылуу онлайн түрүндө алууга болот. Электрондук патентти салык кызматынын www.salyk.kg – “Салык төлөөчүнүн кабинети” электрондук сервис аркылуу же eID-картаны (2017-ж. жаңы үлгүдөгү паспортту) пайдалануу менен алууга болот.