Бишкекте 2020-жылдын 11-майынан тарта Өзгөчө кырдаал шартында карантин киргизилип, шаардын кире бериш жайларында 16 көзөмөл-санитардык пункт орнотулду. Бул туурасында калаа мэри Азиз Суракматов берген брифинг учурунда белгилүү болду.
Маалыматка караганда, посттордо калаага кирип жаткан адамдардын температурасы текшерилет, коронавирус жана ОРВИге шектенүү болгон учурда медкызматкерлер обсервацияга жөнөтүүгө же экспресс, ПЧР-тест алууга укуктуу.
Бишкек шаарынын периметри боюнча орнотулган блокпосттордун тизмеси:
1. «Азамат» унаа базары – Айланма жол;
2. Айланма жол/ «Фрунзе» чарбасы;
3. Васильевский тракт/ Айланма жол («Ак-Жол»);
4. Пригородное а. – Айланма жол;
5. Айланма жол – Маевка а. (тегеренме жол);
6. Айланма жол – Тендик калктуу конушу;
7. Айланма жол – Киргизия көч. (Ала-Арча);
8. Айланма жол – Келечек калктуу конушу;
9. Айланма жол – Дордой;
10. Айланма жол – Ибраимов көч;
11. Айланма жол – Алма-Ата көч.;
12. Айланма жол – ГЭС-5 (тегеренме жол);
13. Жибек Жолу проспектиси – Киргшелк;
14. Кара-Жыгач жана Сары-Жоон айылдарынын ортосундагы жол;
15. Горная Маевка а. жолу
16. Кызыл-Туу жана Маловодное айылдарынын ортосундагы жол.
Ишмердүүлүгүнө уруксат берилген жарандардын жанында өздүгүн тастыктаган документ, жашаган жеринен маалым кат, салык органдарында тастыкталган иш ордунан маалым кат болууга тийиш. Ишкерлерге патент менен жүрүүгө уруксат берилет.
Иштебеген адамдар туугандарына, жакындарына, дүкөнгө жана салондорго баруу үчүн кол менен толтурулган маршруттук баракчасы болгон учурда шаар ичинде жүрүүгө уруксат берилет.