Кой-Таш окуясы боюнча сот отуруму жылдырылды

Автор -

Бишкектин Биринчи май райондук сотунда бүгүнкүгө белгиленген сот отуруму 18-майга жылдырылды. Мындай чечим соттолуучулардын биринин жактоочусу алмашкандыктан, ага иштин материалдары менен таанышып чыгууга убакыт берүү максатында кабыл алынды.

Ошону менен катар бүгүнкү отурумда прокурорлор мындан ары мурдагы президент Алмазбек Атамбаев башка соттолуучулар менен катар темир тор ичинде отурушу керек деген өтүнүч келтирип, сот аны канааттандырды. Буга чейин Атамбаев адвокаттардын жанында отурчу.

Белгилей кетсек, бүгүнкү сот отурумуна Алмазбек Атамбаев келген. Буга чейин анын жана айрым жактоочулардын келбегенине байланыштуу сот отуруму бир нече жолу жылдырылган болчу.