Депутат Кытайдан өлкөгө «Абу-Сахий» ишканасынын жүгү гана кирип жатканын кабарлады

Автор -
220

Жогорку Кеңештин Бюджет жана каржы боюнча комитетинин жыйынында депутат Айбек Алтынбеков «Эркечтам» бажы бекетинде кыргыз ишкерлеринин жүгү эмнеге өтпөй жатканына кызыкты, деп жазат «Азаттык».

«Эркечтамда биздин жүктөр өтпөй жатат деп ишкерлер айтып жатышат. Бүгүнкү күндө көбүнчө «Абу-Сахий» фирмасынын жүктөрү эле өтүп жатыптыр», — деген собол салды депутат.

Мамлекеттик бажы кызматынын башчысы Алтынбек Торутаев депутатка: «Мисалы, кечээги күндү айтып кетсем, тогуз машине чыкты. Анын бешөө Кыргызстанга импорттолгон, төртөө транзиттик жүк», — деп жооп берип, транзиттик жүк кайсы фирманыкы экенин айткан жок.

Торутаевдин белгилешинче, учурда Кытай тарап менен кыргыз-кытай чек арасындагы Торугарт өткөрмө бекетин ачуу боюнча сүйлөшүү жүрүп жатат.

Жакында эле кыргыз өкмөтү бажы тармагындагы коррупциялык схемаларды ачыктаган журналисттик иликтөөлөрдө аты аталган «Абу-Сахий» компаниясынан гуманитардык жардам алган. Укук коргоо органдары журналисттик иликтөөдөгү күмөндүү схемалар боюнча кылмыш ишти териштирип бүтө электе өкмөт бул компаниядан ири суммада жардам алганы коомчулукта талкуу жараткан.

Коронавируска байланыштуу кыргыз-кытай чек арасы жыл башынан бери жабык турат. Ал эми апрель айынын аягында Оштогу «Эркечтам» бажы бекети иштей баштаган. Ал жактан күнүнө 4-5 машине жүк импорт катары келип жатат. Кыргызстан товардын 80-90% Кытай мамлекетинен ташып келет.

Бөлүшүү