Жакшы кабар! Сутка ичинде коронавирус жуктурган медкызматкерлер катталган жок

Автор -

Бир сутка ичинде өлкө боюнча медициналык кызматкер арасында коронавирус жуктуруп алгандар катталган жок. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Анын айтымында, өткөн суткада 3 медкызматкер айыгып, ооруканалардан чыгарылды, ал эми оору жуктуруп алгандар болгон жок.

Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында – 241 учур катталды, алардын ичинен 189 медкызматкер стационарлардан айыгып чыккан. Бир дарыгер каза тапкан.

Бөлүшүү