Өлкөдө коронавирус жуктуруунун 7 жаңы учуру катталды

Автор -

2020-жылдын 13-майына карата өлкөдө коронавирус жуктурган жаңы 7 учур катталды. Бул туурасында саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

  • Чүй облусунда  — 5
  • Ош облусунда — 1
  • Нарын облусунда — 1

«Биз бул санды көптөн күтүп келгенбиз, абал оңолуп баратат. Акыркы суткада аныкталган учурлардын баары — байланышта болгондор. Алардын бири алыска жүк ташыган айдоочу. Ал өнөктөшү менен Өзгөнгө келгенде, аларды текшеришкен. Үчөө бир үй-бүлө мүчөлөрү», — деди Үсөнбаев.

Өлкөдө бардыгы болуп 1 044 адамдан оору катталды. Айыгып чыккандардын саны — 726. Каза тапкандар -12.

Бөлүшүү