Бир сутка ичинде өлкө боюнча 6 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев билдирди.
- Бишкек ш. – 5;
- Ош ш. – 1.
Ал эми стационарлардан 3 медкызматкер сакайып чыкты.
Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында 247 учур катталды, алардын ичинен 192 медкызматкер стационарлардан айыгып чыккан. Бир дарыгер каза тапкан.