Нарында жаңы төрөгөн 8 аялдан коронавирус аныкталган

Автор -
271
Иллюстрациялык сүрөт

Бүгүн, 14-майда, Нарын шаарында аныкталган COVID-19 илдетинин 15 учуру боюнча Республикалык штаб маалымат таратты.

Ага ылайык, оору жуктургандардын сегизи — жаңы төрөгөн аялдар, бирөө — медицина кызматкери, алтоо — туугандары менен байланышта болгондор.

«Бардык бейтаптар учурда Нарын облустук бириккен ооруканасына жаткырылды. Бардыгынын абалы канааттандыраарлык», -дешет штабдан.

Нарын облустук бириккен ооруканасынын төрөт бөлүмүндө жаңы төрөгөн 8 аял ымыркайлары менен, 7 кош бойлуу аял көзөмөлдө. Оорукана толук дезинфекцияланып, персоналдар алмаштырылды жана Бишкектен 2 акушер-гинеколог жардамга жөнөтүлдү.

Төрөт бөлүмүндө бардыгы болуп 11 медициналык кызматкер (акушерлер, медайымдар, санитардык кызматкерлер) коронавирус илдети менен ооруган.

Бөлүшүү