Япония менен Кореядан 43 кыргызстандык алынып келинди

Автор -

Бүгүн, 14-майда, Япония менен Кореядан Кыргызстандын 43 жараны Бишкекке алынып келинди. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Бул Тышкы иштер министрлиги тарабынан Өкмөттүн буйругуна ылайык, COVID-19 коронавирустун пандемиясынын таралышына байланыштуу эл аралык аба каттамдарынын токтотулушуна байланыштуу чет мамлекеттерден Кыргызстандын жарандарын кайтарып келүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин алкагында уюштурулду.

Келген жарандардын бардыгы белгиленген медициналык процедуралардан өтүү үчүн обсервацияга алынды.

Чет өлкөлөрдө жүргөн жарандарды алып келүү боюнча иштер улантылууда. Бүгүн эртең менен Кувейт жана Катардан 107 кыргызстандык алынып келинген. ТИМ май айы чет өлкөдөн миң кыргыз жараны мекенине алынып келинерин билдирген.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү