Бишкектин борборунда 27 жаштагы кыз терезеден секирип кетти

Автор -
330

Бишкектин борборунда 27 жаштагы кыз 6-кабаттын терезесинен секирип каза тапты. Бул тууралуу күч түзүмүнүн кызматкерлери билдирди, деп жазат Kaktus.media.

Маалыматка караганда, окуя кечээ, 14-майда, болжол менен саат 16:00 чамасында Бөкөнбаев жана Абдрахманов көчөлөрүнүн кесилишиндеги көп кабаттуу үйлөрдүн биринде болгон.

Бишкек ШИИББ маалыматына караганда, кыз башынан алган жаракаттарынан улам «Тез жардам» унаасы менен ооруканага бара жаткан жеринен үзүлгөн.

Жерине келген милиция кызматкерлери кыз өзүнүн курбулары менен чогуу жашап келгенин тактаган, кырсык болгон учурда курбулары башка бөлмөлөрдө уктап жатышкан.  Ал акыркы күндөрү тынчы жок болуп, эч кимге кошулбай, түнт тартып калганын айтышкан. Кыздын денесинен киши колдуу болгондой, же көгала тактар табылган эмес.

Бөлүшүү