Министрлик: Коронавирустан каза тапкандардын өнөкөт оорулары болгон

Автор -

Бүгүн, 15-майда коронавирус илдетин жугузуп алган эки бейтап каза болгону тууралуу маалымдалды.

Саламаттык сактоо министрлигинин билдиришинче, Бишкектеги Республикалык инфекциялык клиникалык ооруканасында дарыланып жаткан 55 жаштагы эркек кишиде эки тараптуу пневмониянын оор өтүшү, дем алуунун жетишсиздиги, курч кармаган дем алуу дистресс синдрому диагноздорунан тышкары, өнөкөт гепатохолецистит жана боордун дистрафия оорулары болгон. Акыбалы начарлагандыгына байланыштуу, 2-майда реанимация бөлүмүнө которулган.

Экинчи каза болгон бейтап Нарын облусунун 84 жаштагы тургуну, аял киши. Ага пневмония, дем алуунун III даражажагы жетишсиздиги диагноздору коюлган. Анамнезде бөйрөктүн өнөкөт оорусуна операция болгондугу белгилүү болду.

Эки бейтап тең дарыгерлердин дарылоо аракеттерине карабастан, бүгүн каза болушкан.

Өлкөдө коронавирус илдетинен каза тапкандардын саны 14 адамга жетти.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү