Быйыл мектептердеги акыркы коңгуроо салтанаты онлайн өткөрүлөт

Автор -
369

Быйыл мектептердеги акыркы коңгуроо салтанаты онлайн өткөрүлөт. Бул туурасында билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекова билдирди.

«Жыл сайын мектептерде акыркы коңгуроону салтанаттуу түрдө өткөрүп келдик. Бирок, быйыл өлкөдөгү кырдаалды эске алып аны онлайн түрүндө өткөрөбүз. Биздин журналисттер телеканалдардан жана социалдык тармактардан кетүүчү #менбүтүрүүчүмүн же #явыпускник акцияны кое беришти. Ошондуктан бардык жылдыздарды жана белгилүү адамдарды бул акцияга кошулууну суранып кетем», —  деди министрдин орун басары

Маалыматка караганда, быйыл мектептерде 9-классты 103 670 окуучу, 11-классты 58730 окуучу бүтүрөт.

«Билим берүү жана илим министрлиги аттестаттарды өз убагында берүү үчүн бардык күчүн жумшайт», -дешти министрликтен.