Өткөн суткада COVID-19 оорусунан эки адам каза тапты

Автор -

Өткөн сутканын ичинде эки адам COVID-19 оорусунан каза тапты. Бул туурасында саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

55 жаштагы эркек киши Республикалык клиникалык инфекциялык ооруканасында жана 84 жаштагы аял киши Нарын облусунда дарыланып жаткан жеринен каза табышкан.

Кыргызстанда жалпысынан оорудан 14 адам көз жумду.