PepsiCo Кыргызстанда, Казакстанда, Өзбекстанда, Россияда, Белоруссияда, Украинада жана Кавказда COVID-19 менен күрөшүүгө каршы 5 млн. долларга жакын каражат бермекчи

Автор -
493

PepsiCo компаниясы Кыргызстанда, Казакстанда, Өзбекстанда, Россияда, Белоруссияда, Украинада жана Кавказда COVID-19 менен күрөшүүгө каршы 5 млн. долларга жакын каражат жумшамакчы. Компания жана анын кайрымдуулук фонду PepsiCo Foundation тарабынан берилген каражаттар, медициналык кызматкерлерге жана калктын корголбогон тобуна багытталышат.

Нил Старрок, PepsiCo Россия, Белоруссия, Украина, Кавказ жана Борбордук Азия Президенти:

«COVID-19 – жалпы кырсык, жана биз, дүйнөдөгү жана биздин аймактагы тамак-аш продукттарын жана суусундуктарды өндүрүүчүлөрдүн эң ирилеринин бири катары, андан тышкары кала албайбыз.

Компания, кызматкерлердин максималдуу коопсуз иш алып баруусун жана азык-түлүк дүкөндөрүнө тамак-аш продукттарын үзгүлтүксүз ташып жеткирүүнү камсыздоо үчүн олуттуу күч-аракеттерди жумшоодо. Кайрымдуулук жаатындагы биздин демилгелерибиз пандемия менен жалпы күрөштө көмөк бере ала тургандыгына ишенимдемин».

Компания ооруканалар жана медициналык кызматкерлер үчүн медициналык жабдууларды жана жекече коргонуу каражаттарын сатып алуу үчүн финансылык жардамды бөлүп берет, ошондой эле компаниянын продукттарын жана азык-түлүк топтомдорун Кыргызстанда, Казакстанда, Өзбекстанда, Россияда, Белоруссияда, Украинада жана Кавказда өз алдынча изоляцияда болушкан адамдарга бермекчи.

Кыргызстанда бөлүнүп берилген каражаттар медициналык мекемелерге колдоо көрсөтүүгө жумшалат, атап айтканда медициналык кызматкерлер жекече коргонуу каражаттары менен камсыздалышат. Андан тышкары, азык-түлүк топтомдору өз алдынча изоляциялануу шарттарында жашап жатышкан адамдардын муктаж болгон категорияларына берилмекчи. Бул жардамды Кыргызстанга PepsiCo компаниясы «Кыргызстандын Кызыл Жарым ай» уюму менен биргеликте көрсөтөт.

Кыргызстандагы PepsiCo компаниясынын «Бишкексут» заводу өз ишин токтотпогондугун белгилеп кетүү маанилүү. «Бишкексут» сүттү кайра иштеп чыгаруу жана сүт азыктарын өндүрүү, ширелерди өндүрүү боюнча өлкөдөгү эң ири ишкана болуп саналат жана күн сайын калкты тамактануу продукттары менен камсыздоосун улантууда.

Ишканада персоналдын коопсуздугун камсыздоо үчүн бардык зарыл болуучу процесстер ыкчам жөнгө салынган, анын ичинде кызматкерлердин социалдык аралыкты кармануусу, дене табын өлчөп туруу, нөөмөтү менен иштөө, зарыл болуучу өткөрмөлөрдү жана уруксаттарды алуу ж.б.у.с.

Кыйын кырдаалга туш болгон адамдарга жардам берүүгө болгон ар бир адамдын умтулуусун колдоо менен, компания кызматкерлердин жеке каражат берүү программасын иштете баштаган. Топтолгон каражаттар, пандемия маалындагы жардамга муктаж болушкан адамдарга колдоо көрсөтүү үчүн өткөрүлүп берилмекчи.

PepsiCo компаниясынын Кыргызстандагы, Казакстандагы, Өзбекстандагы, Россиядагы, Белоруссиядагы, Украинадагы жана Кавказдагы жардам көрсөтүүсү – бул мурдараак жарыяланган вирустан катуу жапа чеккен аймактарга жана адамдарга, 45 миллион доллардан ашуун суммага глобалдык колдоо көрсөтүү.

Компания, саламаттыкты сактоо кызматкерлерин жекече коргонуу каражаттары менен камсыздоону, тесттерди жана карап чыгууларды өткөрүүнү кошо алуу менен колдоо көрсөтүүнүн турмуштук эң маанилүү түрлөрүн каржылайт, ошондой эле бүткүл дүйнө жүзү боюнча кайрымдуулук уюмдарынын көмөгү аркылуу калктын тобокелдикке дуушар болуучу топторунун арасында 50 миллион азык-түлүк топтомдорун бөлүштүрүп берет.

PepsiCo тууралуу

PepsiCo компаниясы керектөөчүлөрдүн дүйнөнүн 200дөн ашуун өлкөлөрүндө даамдуу азыктар менен кубандырып келет. 2019-жылы PepsiCoнун сатуулар көлөмү Frito-Lay (снекер), Gatorade (спорттук жана функционалдык суусундуктар), Pepsi-Cola (газдалган жана газдалбаган суусундуктар), Quaker (дан азыктары жана ботколор) жана Tropicana (ширелер) продукциясын камтып турган балансташтырылган портфолиодон улам 67 миллиард доллардан ашык сумманы түзгөн. Компания тамактануунун даамдуу азыктарынын жана суусундуктарынын 23 брендди камтыган кеңири ассортиментин чыгарат, алардын ар биринин жыл сайын чекене сатуулары миллиард доллардан ашып турат.

PepsiCo колдонууга даяр болгон тамактануу азыктарын жана суусундуктарды өндүрүү боюнча дүйнөлүк лидер болууга умтулат, «Жеңип чыгуу жоопкерчиликтүү» принцибин жетекчиликке алат. Ал биздин рыноктогу жеңип чыгууну жана бизнестин бардык аспектилеринде жоопкерчиликтүү аракеттенүүнү каалай тургандыгыбызды чагылдырат. Компания жөнүндө кошумча маалымат – www.pepsico.com сайтында.

PepsiCo глобалдык фонду тууралуу

PepsiCo Foundation глобалдык фонду – компаниянын 1962-жылы негизделген кайрымдуулук түзүлүшү, ал коомдоштуктун бакубатчылыгына колдоо көрсөтүү максатында туруктуу азык-түлүк тутумунун негизги элементтерине каражаттарды берип турат. Бүткүл дүйнө жүзү боюнча коммерциялык эмес уюмдар жана эксперттер менен иш алып барып жатып, биз ачарчылыктын глобалдуу проблемасы менен күрөшүүгө жардам берүүгө, сууга жана калдыктарга жоопкерчиликтүү мамиле кылууну жайылтууга, ошондой эле аялдардын тамак-аш өнөр жайынын бардык чөйрөсүндөгү лидер болуусуна колдоо көрсөтүүгө көңүл топтогонбуз. Биз тармактагы кесиптештер, жергиликтүү жана эл аралык уюмдар жана биздин кызматкерлерибиз менен кызматташуу аркылуу глобалдык маанидеги маселелерди чечүүгө сезилээрлик салым кошууга умтулабыз. PepsiCo Foundation жөнүндө кошумча маалымат –www.pepsico.com/sustainability/philanthropy сайтында.