20-майда Оренбургдан кыргыз жарандары алынып келинет

Автор -

Тышкы иштер министрлиги үстүбүздөгү жылдын 20-майына карата Оренбург-Бишкек маршруту боюнча чартердик каттамды аткаруунун уюштуруу маселесин иштеп чыкты, деп билдиришти Республикалык штабдан.

Бул авиакаттамга отургузуу учурунда кош бойлуу аялдарга, улгайган адамдарга, жаш балдары бар ата-энелерге жана Россиянын медициналык мекемелеринде дарылануудан өткөндөргө артыкчылык берилет.

Кыргызстанга келгенден кийин бардык жарандар белгиленген медициналык процедуралардан өтүү үчүн обсервацияга жайгаштырылат.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү