ИИМ: Ифтар өткөргөн кафе-ресторан ээлери жоопко тартылат

Автор -

Өлкөнүн айрым шаарларында кафе жана ресторандардын ээлери санитардык-карантиндин талаптарын бузуп жатышат. Бул тууралуу бүгүн, 18-майда ички иштер министринин орун басары Мирлан Каниметов билдирди.

Анын айтымында, бул мекемелердин ээлери КР Мыйзамдарына ылайык жоопко тартылышат.

«Бишкек шаары, Ат-Башы, Чаткал райондорунда карантиндик режим али күчүндө. Демек, айтылган эрежелер сакталышы керек. Көбүнчө мыйзам бузуулар Бишкек шаарында болуп жатат. Мисалы, кафе, ресторандардын ээлери бул талаптарды аткарбай, мыйзам бузуп жатышат. Бир-эки күндөн бери ушундай фактылар катталууда. Ооз ачуулар өтүп жатат. Ал гана эмес түнкүсүн кээ бир эс алуу жайлары иштеп жатат. Биз бул көңүл ачуучу жайлардын жетекчилерин жоопко тартып жатабыз», — деди Каниметов.

 

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү