Акыркы суткада Москвада коронавирустан 77 адам каза тапты

Автор -

Акыркы суткада Москвада 77 адам коронавирустан каза тапты. Бул — калаада эпидемия башталгандан бери бир күндө каза болгондордун эң көп көрсөткүчү.

Буга чейинки рекорд 15-майда катталып, коронавирустан каза тапкандардын саны 74кө жеткен. Ал эми 16-майда шаарда илдеттен 71 адам көз жумган.

Москвада коронавирустун курмандыктарынын жалпы саны 1 580 адамга жетти. Орусияда коронавирусту жуктургандардын жарымынан көбү Москвага туура келүүдө.

Учурда өлкөдө коронавирус жуктурган адамдардын саны 281,7 миң адам. Алардын 142,8 миңи Москвада аныкталды.

Бөлүшүү